wayground logo

Free Printable Worksheets

Font size

S
M
L
XL
Worksheets

11-класс Петропавловка

Total questions: 11

Worksheet time: 13mins

Name
Class
Date
1.

Үндүүлөрдүн  тилдин жана эриндин катышына карай   ээрчишип, окшошуп айтылышы......

              

a)

фонетика

b)

фонема  

c)

үндөштүк мыйзамы

d)

туура эмес баары

2.

Сөз жасоонун морфологиялык жолу аркылуу жасалган  сөздөрдүн тобу:
            
       

a)

кылым, курулуш, сайма;   

b)

жазмыш, акылдуу, ыйман;    

c)

сыймык, канат, шыпыргы;

d)

сезим, мушкер, күйүт.

3.

Төмөнкү сүйлөмдөгү асты сызылган сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирет?  

Эчен ирет мылтык (1) менен атып, Түлкүбек чүрөк (2) менен балапанга тийгизе албады.

Чыгыш тараптагы жол (3) менен кетип бараткан калың көч – Түлкүбек (4) менен Шамырбек датканын көчү.

Кайсы сөз түркүмүнө кирет?

(a)  

4.

Синтаксистик жол менен жасалган сөздөрдүн тобу: 

                       

  

a)

алыш-бериш, окуу жай, биофак;  

b)

бак көңүл, ишти тактоо, жазгы эгин;      

c)

алып келүү, үйгө баруу, ак канат;

d)

ББУ, турак жай, үйгө баруу.

5.

Бирге жазылган сөздөрдүн тобун белгиле. 

  

a)

бүгүн, таене, Айгүл;

b)

быйыл, ардайым; 

c)

Айканыш, таапалды; 

d)

бая, быйыл, Айнур.

6.

Кайсы сүйлөмдөгү энчилүү ат туура эмес жазылган?

a)

Саламаттык сактоо министрлигинде жыйын өткөрүлдү.

b)

Теңир Ата жаштарга батасын берди.

c)

Кыргыз Республикасында төңкөрүш жасалды.

d)

“Гүлсарат” повестин окудуңбу?

7.

Төмөнкү сөздөрдүн арасынан туура жазылган сөздөрдү көчүрүп жазгыла.

Ачса - ашса, ачты-ашты, бычты-бышты, өчтү – өштү.

(a)  

8.

Төмөнкү татаал сүйлөмдүн багыныңкы түгөйүн аныктагыла.

Адашкандын айыбы жок,

Кайтып үйүрүн тапкан соң.

(a)  

9.

Касиеттүү (синонимин)

Назик (антонимин)

Насаат сөз (антонимин)

(a)  

10.

Төмөндө берилген сүйлөмдөрдөгү асты сызылган сөздөрдүн антонимдерин тапкыла.

1)      Өзүңдү өзүң мактаба, өзгө мактасын.

2)      Кылычтай курч болбо, таяктай катуу болбо. ( мактаба, курч, катуу)

(a)  

11-16.

Билим – түгөнбөс байлык

    Бир кишинин эки баласы болуптур. Атасы улуу баласын жакшы көрөт, ошондуктан бүт  байлыгын ага берет.

   Энеси эки баласын тең жакшы көрөт, ошон үчүн: “Болгон байлыкты эки балага тең бөлүп берели”, - деди күйөөсүнө. Күйөөсү аялын уккан жок, тескерисинче, аны урушту. Аялы таарынып, жолдун жанында ыйлап отурду.

   Жолдон өтүп бара жаткан киши аялды көрүп:

   -Эмнеге  ыйлап жатасыз? – деп сурады. Аял айтып берди . Ал киши угуп, мындай кеңеш берди:

    - Сиз ыйлабаңыз! Кичүү балаңызды окууга жибериңиз. “Билим- түгөнбөс байлык”,- деди. Аял анын сөзүнө макул болуп, баласын окууга жиберди. Баласы көп окуп, жакшы билим алды.

    Арадан жылдар өттү. Кичүү баласы көп сонун өнөрлөрдү үйрөнүп, бай болду. Байкеси атасынын байлыгын бат эле жок кылды. Абдан кедей болуп калды. Акыры инисинен жардам сурады.

    Чын эле: “Билим- түгөнбөс байлык” экен.

11.

Атасы байлыгын улуу баласына бергиси келди, анткени ал ... . 

 

     

     

     

a)

кичүү баласына белек берди

b)

улуу баласы жөнүндө гана ойлойт

c)

кичүү баласын окууга жиберд

12.

..., ошон үчүн энеси ыйлады.         

     

     

     

a)

Улуу баласы акылдуу эмес

b)

Кичүү баласы жалкоо

c)

Күйөөсү кичүү баласына көңүл бурбайт

13.

Ыйлаган аялга ким кеңеш берди?         

     

   

     

a)

   Кошунасы

b)

   туугандары

c)

тааныбаган киши

14.

Аял бейтааныш кишинин сөзүнө макул болду, анткени...... 

    

     

   

a)

  билим жөнүндө кеңеш ага жакты

b)

ал көп жакшылык кылган

c)

   ал аны көптөн бери тааныйт

15.

Кичүү баласынын жашоосу жакшы болду, анткени .........

     

     

  

a)

ал башка шаарда жашады

b)

    жакшы билим алды

c)

ал жакшы адам

16.

Күйөөсү аялын уккан жок, тескерисинче, аны урушту.

(a)